Куралдуу жаңжалда курман болгон чек арачынын эстелиги ачылды

0
1175

Лейлек районунун Мурас айылында, өткөн жылдын сентябрь айындагы куралдуу калабада курман болгон Жанибек Якубовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эстеликти тургузууну Якубовдун айылдаштары демилгелеп, аны  Кең- Талаа айыл аймагынын жетечилиги колдогон.

Татыктуу тарбия берген  ата-энесине таазим этип, анын эрдиги сыймык менен айтылаарын иш чарада жетекчилер белгилешти. 

Жанибек Якубов Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик кызматын аткарып келип, акыркы 6 жылда мамлекеттик чек ара кызматында кызмат өтөп жүргөн.

Жанибек Якубов үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү болгон. Ал 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here