Кызыл-Кыяда көрнөк-жарнактарга рейд жүрдү

0
827

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары М.Айтматов баш болгон жана тийиштүү адистерден турган комиссиялык топ борбордук көчөлөрдөгү мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурду. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка таянсак, Асаналиев көчөсүндөгү менчик мекемелер текшерилип, кыргыз тилинде жазылбаган жана эскилиги жеткен жарнактарды белгиленген мөөнөттө алмаштырууга менчик ээлерине эскертүүлөр берилди.

Окуу жайлар, клиникалар жарнакка лицензия номерин жана лицензия берген органдын аталышын жазышы керек. Арзандатуу тууралуу жарнама жазылса, акциянын башталгандан аякташына чейинки мөөнөт жана канча пайызга арзандатуу болоору сөзсүз көрсөтүлүшү зарыл, жарнамалар чон тамга менен кыргызча, андан кийин кичине тамгада орус тилинде жазылышы керек дейт адистер.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here