Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат кызматы билдирди.
Устүбүздөгү жылдын Лейлек районунун аймагында жалпысынан түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин орулуучу аянт 19 миң 177 га жерди түзөт.
Анын ичинен 3 миң 335 га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери эгилген. Калган 15 миң 842га жерге жаздык кылкандуу дан эгиндери, анын ичинен буудай 8 миң 954 га болсо, 10 миң 223 га жер аянты арпа эгилген.
Бүгүнкү күндө 293 га жер аянты орулуп, орточо түшүмдүүлүк 23,4 центнерди түзүүдө.