Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземинде 5 миңге жакын милиционер коопсуздукту камсыздайт

0
379

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругунун негизинде 23-июнда саат 9:00дө – 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу аземи өтөт.

Салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда өткөрүлөт.

Аталган иш-чарада коопсуздук иш-чараларын камсыздоого республика боюнча 5 миңге жакын милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринде кызмат өтөшөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.

ИИМ жалпы ата-энелер жана мугалимдерге кайрылып, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here