Балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөр алынат

0
1010

Кыргызстандан Россияга сүт жана балыкты экспорттоого коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Маалыматка таянсак, 20-июнда КР Ветеринардык кызматын директору Аширбай Жусупов менен Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси С. А. Данкверттин ортосунда онлайн форматта өткөн жолугушууда талкууланды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Россельхознадзор Кыргызстандын «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» балык иштетүүчү ишканаларынан “күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.

Ошондой эле Кыргызстандын «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк» жана «Ала-Тоо сүт» сүт ишканаларынан «күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл» макамы менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынат.

Учурда Кыргызстандын жогоруда аталган ишканаларынан убактылуу чектөөлөрдү алып салуу боюнча Россельхознадзордун расмий ырастоосу күтүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here