Баткендик эки окуучу “Алтын сертификатка” ээ болду

0
1004

Кечээ 20-июнда Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жайынтыгы чыкканын кабарлап, “Алтын сертификатка” ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. 

Ага ылайык, Баткен облусунан эки окуучу артыкчылыктуу сертификатка ээ болгон. Алар Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин бүтүрүүчүлөрү. “Алтын сертификаттын” ээлери Бектур Момунов 225 бал топтосо, Феруз Турсунов 224 упай топтой алган. 

Министрликтен билдиргендей, ушул жылы 54 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жайынтыгы менен “Алтын сертификатка” ээ болду. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here