Үйүнө бала бакча ачкан жеке ишкерлер мамлекеттик салыктан бошотулат

0
499

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдирди.

Мындай категориядагы ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон өтө алышат. Ошондой эле Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчёт тапшыруудан бошотулат. Иш берүүчү өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

Андан тышкары киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчёт берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Эми жеке ишкердин бала бакчасында эмгек өтөгөндөр (тарбиячы, бала багуучу, ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкерлерге өз үйүнө бала бакча ачуусуна уруксат берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here