Курман айтта кандай мал союлушу керек? Муфтияттан 6 эреже

0
437

Курман айтта курмандык чалынчу малды кантип туура тандоо керектигин муфтият тизмектеп берди.

Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт.

Майда жандык (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбой калаары маалымдалган. Ооруган малды союуга болбойт.

Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-кембагал, муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берсе болот.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here