Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен шаарында 22 чакырым ички көчөлөргө асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриядан кабарлады.
Долбоордун алкагында Чет-Булак кварталында 11 чакырым жол асфальтталып, сел кетүүчү сайга өтмөк көпүрөө курулат.
Асфальт төшөө боюнча жергиликтүү бюджеттен да 15 млн сом бөлүнгөн. Бул суммага негизги жана ички көчөлөр асфальтталат.