Чек ара чырында авто кырсыкка кабылган Шоира Жулдибоевага Баткен шаарынан үй берилди

0
1410

Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үйдү  Кыргыз Инвестициялык- Кредит банкынын Кызыл-Кыя шаарындагы өкүлчүлүгү алып берген. Аталган турак үйдү  тапшыруу салтанаты кечээ 14-июн күнү өттү.

Иш чарада Кыргыз Инвестициялык -Кредит банкы (КICB) Жабык Акционердик Коомунун Кызыл-Кыя филиалынын башчысы Дурусбек Садыков ак өргөөнүн ачкычын жана кызыл китебин тапшырып, Шоира айымга  ден соолук, мындан аркы жашоосуна жалаң жакшылыктарды каалады..

Учурда Жулдибоева ден соолугуна байланыштуу даарыгерлердин көзөмөлүндө ден соолугун чыңдап жатат. Белгилей кетсек буга чейин Шоира эжеге Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан дарылануусуна акчалай жардам көрсөтүлгөн.-деп белгиленет маалыматта.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан. Ал автоунаада 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон. Анда жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу  Максатбек жана кызы Сумай каза болушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here