17 млн сомдон ашуун акчага Капчыгай айылынын ар бир үйүнө таза суу кирет

0
486

Бул тууралуу Салам Медиага “Алга Билд” ЖЧКнын өкүлү Шакирбай Азимов билдирди. Баткен районунун Капчыгай айылындагы ичүүчү таза суу долбоору ишке ашууда. Курулуш үчүн   17 млн 179миң сом каралган. 

Учурда курулуштун 70% аткарылды. 5 чакырым аралыкка суу түтүктөрү жаткырылды. 

Курулуштун аякташы менен 100 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот. 

Ушундай эле таза суу курулушу 21млн 444миң сомго Достук айылында курулууда. Аталган айылда жумуш 80% аяктады. Натыйжада 59 үйгө таза суу кирет.  Таза суу курулуштары республикалык  бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Курулушту июль айынын аягына бүткөрүү, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул иш аракеттер 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан соң Капчыгай жана Достук айылдарын жаңыдан куруу боюнча башкы планга ылайык ишке ашууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here