Баткенде милициянын көчмө кабылдамасы ар түрдүү кылмыш, кырсыктардын алдын алууда

0
463

Баткен ШИИБдин милиция аймактык тескөөчүлөрү, балдар иштери боюнча инспекциясы жана Баткен шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасынын түзүлгөн графигинин негизинде Баткен шаарынын Борбордук базарын кыдырып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун сактоо, батир уурулуктардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жана бөөдө кырсыктарын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.

Андан соң шаардын коопсуздугун сактоо максатында жол эрежелерин бузуп туура эмес токтотуп койгон автоунаа ээлерине жана жол жээгинде соода-сатык менен алектенип жолго чыгып кеткен жарандарга 4 протокол толтурулуп айып пулдары салынды.

Элдер арасында ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча күн ысык болгонуна байланыштуу жашы жете элек балдарын кароосуз калтырбоо жагы эскертилип сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу, балдарын кароосуз калтырбоосу боюнчада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here