Баткенде ипотекага үйлөр курулат

0
569

Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат катчысы билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы, ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча  үч тараптуу келишимге кол коюшту. 

20 турак үй Баткен районун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат. Алар турак жери 12сотыхтан болгон жер тамдар болот.

Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулат. Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат.

Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө. Курулуш иштери ушул жылдын күз айларында башталат, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here