Чек ара: Эки тараптуу жолугушуу өттү

0
612

Бул туралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту.

Жолугушууга Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да  катышты. 

Жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты. 

Ошондой эле, эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди. 

Жолугушууга КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали  да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт. 

Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here