Лейлекте ичүүчү суулардын абалы текшерилди

0
450

Бул тууралуу Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу борборунан билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек санэпид бөлүмүнүн кызматкерлери «Тегирменти таза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесине пландуу текшерүүлөр жүргүздү.

Аталган бирикменин суу кампаларынан жарандарга ичүүчү суу таратылат. Ошондуктан суунун санитардык абалы текшерилип, милденттенмелер берилди.

Ошондой эле суу атайын каражаттар менен залалсыздандырылып, жеринде лабораториялык изилдөөгө үлгүлөр алынды. Тагыраак айтканда хлордун калдыгынын проценти аныкталат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here