Лейлекте 82 жаран жер тилкесине кызыл китеп алды

0
522

Баткен облусунун Лейлек райондагы тургундарга жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө акт тапшырылды. Бул тууралуу Лелек райондук администрациясынан билдирди.

Лейлек району боюнча райондук жумушчу топко жалпысынан 179 арыз келип түшкөн. Анын ичинен мыйзамдаштырууга 159 арыз канаттандырылып, коомдук маалымдоого илинген. 89 жаранга, жалпы 9,25 га жер аянты «Калктуу конуштардын жерлеринин » категориясына которулуп, 5 арыз мыйзамдаштырууга болбой тургандыгы аныкталып, 15 арыз тактоо үчүн кайтарылган.

Бүгүнкү күнгө карата 82 жарандын үйлөрүнө мамлекеттик акттар тапшырылды. Анын ичинде Лейлек айыл аймагы боюнча 23, Кең-Талаа айыл аймагы боюнча 10, Тогуз-Булак айыл аймагы боюнча 13, Ак-Суу айыл аймагы боюнча 11, Лейлек токой чарбасы боюнча 25 үй бүлөгө документтер берилди. Дагы 108 жаранга жерлери жана турак-жайлары мыйзамдаштырылып, мамлекеттик акттары даярдалууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here