Агро Форум-2023 иш чарасы өттү

0
394

13-июнда Баткен облусундагы айыл-чарба багытын өнүктүрүүгө, айыл-чарбадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган “Баткен Агро Форум-2023” иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Форумга Президенттин Баткендеги өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алихан Ураимов катышып, агрардык тармакты өнүктүрүү жаатындагы колдоолор, мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып, ишкерлер менен чогуу Баткен облусунун айыл-чарбасын өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Иш чаранын жүрүшүндө багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбасы, балык чарбасы, кайра иштетүү боюнча спикерлер өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Форум- ишкерлер үчүн айыл-чарба тармагындагы акыркы жаңылыктар, бул багыттагы жаңы технологиялар боюнча пайдалуу маалымат алмашуу аянтчасы болду. Иш чара айыл-чарба продукцияларынын жарманкеси менен коштолду.

Форум Баткен облусунун тургундары жана ишкерлери үчүн JIA Бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here