Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2009-жылдагы эл каттоодон кийин 13 жылда Кыргызстандын калкы 1 млн 573 миң 4 адамга көбөйгөн. Бул көрсөткүчкө караганда калктын орточо жылдык өсүү темпи 2% га барабар. Ал эми 2022-жылдагы эл каттоодон кийин Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 936 миң 165 адамды түздү.
Ошондой эле калктын санынын 65%ы айыл жергесинде, ал эми 35%ы шаарларда жашайт.
2022-жылы 19-октябрда Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлгөн.