Кыргызстандын Новосбирисктеги Башкы консулу Томск шарындагы кыргызстандык студенттер  менен жолукту

0
330

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Новосибирсктеги Башкы консулу Айбек Айдарбеков менен өткөн жолугушууда  аталган шаардагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргыз жарандарынын адистиги боюнча иш менен камсыз кылууда консулдук тарабынан колдоолор болоору белгиленип, мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу глобалдык климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча Томск Мамлекеттик Университети  менен кызматташууну арттыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

ТИМден билдиргендей, 2022-жылы ТМУга кабыл алуу экзамендерин тапшырган Кыргызстандык  абитуриенттердин саны 400дөн ашуун адамды түзсө, 2023-жылы дээрлик 800гө жакын. Алар көбүнчө геологиялык-географиялык, физикалык факультеттерди тандашат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here