Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине кайрылып, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышты

0
491

Кайрылууну Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Front Line Defenders , Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) жана башка бир катар беделдүү уюмдар жасашты.

Алар Кыргызстанда “чет өлкөлүк өкүл” деген түшүнүк киргизилип, бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү аракети болуп жатканын, мыйзам долбоору 2012-жылы Орусияда кабыл алынган “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамдан көчүрүлгөнүн билдиришти.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Жакында үч депутат мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболорго байланыштуу документтин авторлугунан баш тартышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

Депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбой турганын билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here