Баткенде сел жүрдү

0
826

Кечээ 12-июнь күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй, Кара-Токой, Боз-Адыр айылдарында жана Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылында  нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан кабарлашты.

Ага ылайык,  Аталган айылдардын 200 метр ички чарбалык арык жана 25 чарбак тилкесине сел суулары кирген. Сел эгин талааларын зыянга учураткан эмес. Ал эми Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунун 5-8-чакырымдарында, ошондой эле 10-17-чакырымдарында да сел түшкөн. Учурда аталган унаа жолу шагылдардан тазаланып каттам ачык.

ӨКМден билдиргенге караганда, бүгүн 13-июнда Баткен районунун акими, ӨКМ кызматкерлери, архитектура, Санэпидкөзөмөл жана медицина кызматы, №2 Жол тейлөө жана Ветеринардык кызматынын өкүлдөрү жаап өткөн жаандын кесепетин жоюу жана текшерүү максатында жумуш алып барды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here