Жер мунапысы боюнча тургундар жергиликтүү бийликке кайрылышты

0
912

Бүгүн 1-июнда облустук бийликтин имаратынын алдына Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Туура-Таш  жерлигинин 20 дан ашуун тургуну жер мунапысы боюнча маселесинин чечилишин талап кылып чогулушту. 

Жергиликтүүлөр жер мунапысы боюнча маселелери бийлик өкүлдөрүнүн көз жаздымда калып жатканын айтып даттанышты. 

Чогулган эл менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадияров жолукту.

Бийликтен бул участканын трансформация маселесин чечүүгө бардык документтер даяр экенин,бирок Туура -Таш участкасы Баткен Эл аралык аэропортунун коргоо тилкесине кирип калгандыгын түшүндүрдү. Бул боюнча жергиликтүү бийлик Жарандык авиация агенттигине кайрылып, кат берилгенин ,жообу күтүлүп жатканы айтылды. Туура-Таш участкасынын тургундары маселени чечүү иштерин тездетип берүүнү,турак жайларынын документинин жоктугу бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here