Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди

0
467
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш боюнча маалымат берди. Анын айтымында, күрөштү биринчи этабы аяктады.

УКМК коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабын баштайт. Ал 1-1,5 жылга созулушу күтүлөт. Камчыбек Ташиев бул жолу максималдуу жазалар колдонолорун эскертти.

 «Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёсуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз», — деди Камчыбек Ташиев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here