Баткен шаарында 20 жаңы аялдама курулат

0
313

Иллюстрациялык сүрөт

Баткен шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы Акрам Акматовдун билдирүүсүнө караганда шаарда коомдук транспорт үчүн 20 жаңы ыңгайлуу шарттары менен аялдама орнотулат.

Маалыматка ылайык, аялдамаларда смартфон кубаттап алганга атайын түйүндөр да орнотулат. Мындан тышкары тургундардын коопсуздугу үчүн видео көзөмөл коюлат. Аялдамалар ижарага берилет. Андан сырткары, таштанды челектер менен отургучтар ижарага алгандардын эсебинен жасалат.

Буга чейин М.Салихов көчөсүндө жолду кеңейтүү иштери жүрүп, тротуар курулган. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан курулуштар алынган. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here