Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттары белгиленди

0
533

Бүгүн 25-майда Баткен облусунун бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Бул күнү Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук гимназия-жатак мектебиндеги салтанатка катышты.  Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы билдирди. 

Облус башчысы бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды, мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга ак жол каалады.

Быйылкы окуу жылында  Баткен облусунда 5097  бүтүрүүчү 11-классты, 8861 бүтүрүүчү 9-классты аяктап жатат. 

Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына  жалпы 131 бүтүрүүчү катышып, алардын ичинен 14 окуучу “Алтын-тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушкан. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here