Кыргызстанда динозаврдын калдыктары табылды

0
539

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын түштүк тарабында динозаврдын калдыктары табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окумуштуу Жумакадыр Карамолдоев билдирди.

Анын айтымында, калдыктар мезозой заманына таандык болушу мүмкүн.

“Калдыктар арасында байыркы жаныбардын шыйрак сөөгү жана омуртка сөөк бөлүктөрү бар. Болжол менен динозаврдын бою 2,5 метр, узундугу 8 метрди түзүшү мүмкүн. Казуу иштери немис окумуштуулары тарабынан жүргүзүлүүдө, жакын арада динозаврдын калдыктарынын башка бөлүктөрү табылышы мүмкүн”, — деди окумуштуу. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here