Баткен шаарында эт дүкөндөрү эки күндүк иш таштоодон соң бүгүн иштей баштады 

0
399

Бул тууралуу Салам Медиага Баткен шаарынын вице-мэри Акылбек Орозов билдирди.  Эки күн бою Баткен шаарынын эт дүкөндөрү иштебей, кофе-ресторандар башка аймактан эт алып келип жатканы маалымдалган. Буга себеп мал союуу кызматы кымбаттап кеткендиктен эт саткан дүкөн ээлери нааразычылыгын билдирип, иш ташташкан.

Бүгүн 24-майда эки тараптуу сүйлөшүү болуп бир пикирге келишкендиги айтылды.  Баткен шаарында эки мал союлуучу жай бар. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here