Кыргызстандын аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталыштагы рейд башталды

0
127

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышындагы рейд башталды.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, рейд 23-майдан 31-майга чейинки аралыкты өткөрүлөт. Анын максаты коомдук транспорттор катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу, ылдамдыкты ашырып айдоого жол бербөө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү шаар ичи жана шаар аралык каттамдарга ташыган маршруттук унаалардын техникалык абалын текшерүү, жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда эмгек жана эс алуу талаптарынын аткарылуусун көзөмөлдөө болуп саналат.

«Рейд учурунда коомдук транспорттордун айдоочулары эрте менен каттамга чыгууда сөзсүз наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы текшерилип, унааларын атайын техникалык кароодон өткөндүгүн текшерүүгө алышат.

Андан сырткары, акыркы коңгуроо учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн эс алуучу жайларга, жаратылышка алып барбоо боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here