Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

0
107

Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдирди.

Бүгүн 24-майда,кыргыз-тажик чек арасында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болду.

Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо,коомдук коопсуздукту камсыз кылуу,провакациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү.

Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дронду) учурбоо макулдашылды.

Чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу,пикир келишпестиктерге жеткирбөө  жагы сүйлөшүлдү.

Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкандыгы тууралуу маалымдалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here