Баткен шаарынын “Тазалык” ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

0
730

Баткен шаардык мэриясы, Айыл Банк аркылуу лизингге, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана  тазалыгын сактоо максатында, жалпы суммасы 16 млн сомдук,  5 атайын техникаларды сатып алды.

Кытай мамлекетинен чыгарылган ХОВО үлгүсүндөгү 3 таштанды ташуучу, 1 суу чачуучу, 1 бийиктиктеги жумуштарды жасоочу автоунаалар, шаардын муниципалдык менчик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, шаар мэри Мамыржан Рахимов, Айыл Банк ААКнун башкаруучусунун орун басары Бакыт Асанбаевдер, айдоочуларга автоунаалардын ачкычтарын тапшырышты.  Рахимов Баткен Тазалык ишканасынын иштөө тартиби да бир аз өзгөртүлүп жанданганын кошумчалады.

Белгилей кетсек буга чейин Баткен шаардык мэриясынын “Тазалык” ишканасынын балансында, эскилиги жеткен 4 техника болуп, шаардын тазалыгын сактоодо көйгөйлөр жаралып келген. Мындан улам аталган ишкананын материалдык базасын чыңдоо үчүн, жаңы техникалар алынып келинүүсү зарыл болгон.

Бүгүнкү тапшырылган техникалар Баткен шаарынын 30миңге жакын калкын, 6400 кожолукту тейлейт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here