Ыйгарым укуктуу өкүл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү

0
453

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов резервдик фондунан, Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, бөйрөк оорусу менен жабыркап келген Равшан Назировго майыптык коляска жана 15миң сом акчалай жардам берди.маалыматты Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык, 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун аймагында 2020-жылдын 20-ноябрынан 20-декабрына чейин аларга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

Аталган бир айлыктын алкагында өкүл Жаныбек Жалалов, облус аймагындагы, Үч-Коргон көмөкчү мектеп интернатына, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “Нур” калыптандыруу борборуна, Самаркандек айылындагы “Үмүт” күндүзгү балдарды калыптандаруу борборуна, Лейлек районунун Исфана шаарындагы “Кулунчак” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыптандыруу борборуна, Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине акчалай жардам көрсөттү.

Бүгүнкү күнгө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 207 үй-бүлөгө, ал эми 1673 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр берилди.

Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы 60 000 сом, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 420 000 сом кышка карата акчалай жардам берген.

Облуста жалпы 20 796 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here