СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузгандар өсүүдө

0
460

Баткен облусунда Вич СПИД илдетин жугузуп алгандардын саны 250 гө жакындады . мындай маалыматты дарыгерлер Баткен шаарында өткөн Өз статусуңду бил аттуу акциянын алкагында билдиришти. Акция 1- декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюшулуп дарыгерлер мобилдик лабораторияда акысыз текшерүүлөрдү жүргүзүп медициналык кароодон өткөрүштү.
Баткен облусунда өткөн жылы 10 адам ВИЧ СПИД оорусун жугузуп алган болсо быйыл жугузгандардын саны 20 адамды түздү. Дарыгерлердин айтымында ВИЧ СПИДке чалдыккандардын көбү Кызыл Кыя шаарынан катталууда.

Жыл сайын 1-декабрда вич спидке каршы күрөшү жана оорунун алдын алуу күн катары белгиленип келет. Бул күнү облустун баардык аймактарында иш-чаралар өткөрүлөт. Бүгүн дагы Баткен шаарында Баткен областык Спидке каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору Өз статусуң бил деген ураан менен мобилдик лабораторияда акысыз анализдерди алышты.
Дарыгерлерге акцияны өткөрүүгө Улуттук Кызыл ай коомунун жаш волантерлор көмөктөшүп. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү, мындан сырткары ар бир текшерүүдөн өткөн жаранга белектерди тапшырышты.

Белгилей кетсек Баткен облусунда ВИЧ СПИД илдетин жугузуп алгандардын саны 248 адамды түзсө анын ичинен 70 ке жакын адам Вич Спид илдетинен каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here