Кызыл-Кыя шаарында кичи автобустардын кышка даярдыктары текшерилди

0
1262

Кызыл-Кыя шаарында кичи автобустардын кышка даярдыктары текшерилди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кызыл-Кыя шаарында жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери шаар аймагында катталган жол кырсыктарын, оор кесепеттерди алып келген кырсыктарды алдын алуу боюнча Кызыл-Кыя шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын техникалык абалын текшерип, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Текшерүү учурунда коомдук унааларды башкарган 4 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 121-беренесинин (техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун жоопкерчилиги) негизинде протоколдор толтурулду.
Мындан сырткары айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, санитардык норманы сактоо боюнча, ашыкча жүргүнчү салбоо, кыш мезгилине даярдыгы, тактап айтканда дөңгөлөктөрдү алмаштыруу, автоунаанын жылуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here