Баткен шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2023» сынагынын облустук туру өттү

0
1055

Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Нүргүл Сулайманова жеңип алды. 

2-орунду Лейлек районунун Кыргызстандын 60 жылдыгы мектебинин кыргыз тил мугалими Сапаргүл Тагаева багындырса, 3-орунга Кызыл-кыя шаарынан биология мугалими Севара Касымова татыды.

Эми  «Жылдын мыкты мугалими-2023» сынганын республикалык турунда Баткен облусунун намысын Нүргүл Сулайманова коргоп чыгат. 

Автор: Сезимай Жураева

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here