Кызыл-Кыя шаарында артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы өттү

0
417

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук эс алуу паркында өткөн иш-чарага шаар мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары катышты. 

Аларга аталган шаардын жана жакынкы райондордун ондон ашык орто окуу жайларынын өкүлдөрү тарабынан жарманке уюштурулган. Анда окуучуларга ширетүүчү, кондитер, кийим тигүүчү, модельер-конструктор, IT-адиси, куруучу, электрик жана башка адистиктер жана кесиптер боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. 

Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө кесипке багыт берүүчү иш-чаралар болду. 

Фестивалдын максаты-колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо, бүтүрүүчүлөр арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалымат жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.

Мындан тышкары фестивалда катышуучулар үчүн сынак-викториналар өткөрүлүп, кийим көргөзмөсү, концерттик программа тартууланды.

Автор: Сезимай Жураева

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here