Баткен районунун айылдарында жолдор оңдолууда

0
528

Жалпы узундугу 15 км чакырымды түзгөн Кызыл-Бел — Достук унаа жолуна асфальт төшөө үчүн тегиздөө жумуштары башталды.  Бул тууралуу N2 жол тейлөө мекемесинин басма сөз кызматынан билдирди.

Учурда жолду тегиздеп, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Аталган жол өз нугунда тегизделип бүткөн соң, асфальт басуу, белги сызыктарын чийүү иштери жүрөт.

Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын жолуна асфальт төшөө иштери да жүрүүдө. Жеринде №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жалпы 3 чакырым жолго асфальт басылат.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here