Чоң-Талаа-Баткен-Кара-Бак автожолуна жана Миң-Булак айылынын жолуна асфальт төшөлөт

0
869

Бул тууралу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди

Баткен районунун Чоң-Талаа-Баткен-Кара-Бак автожолунун 16,2 чакырымына жана Миң-Өрүк айылынын 6,2 чакырым жолуна асфальт төшөө үчүн,жолду  тегиздөө жумуштары аткарылууда. Учурда  жолдорго асфальт аралашмасын чыгаруу үчүн асфальт заводу Баткен шаарына көчүрүлүп келип, орнотулууда. Жолдорду курууга мамлекет тарабынан 190 млн сом каралган. 2023-жылга  65,2 млн сом  бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, аталган жолдорду куруунун зарылчылыгы боюнча жергиликтүү тургундар өлкө башчысы Садыр Жапаровго, Баткенге болгон иш сапары учурунда кайрылышкан. Президент тарабынан жергиликтүү элдин суроо талабы канааттандырылып, жолдун курулушу башталды. Мындан сырткары республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облусунун аймагындагы 48  жолдо, планга ылайык курулуш иштери аткарылууда.

Ошондой эле жыл ичинде  оңдоп түзөө, калыбына келтирүү иштери жалпысынан 53 км жолдо жасалаары каралган. Анын 27 км ашуун  асфальт төшөлөт.  Жыл башынан бери  республикалык бюджеттен каржыланган  жол куруу жана калыбына келтирүү иштерине  93 млн сом жумшалган.

Автор: Жураева Сезимай

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here