Самаркандекте курулуп жаткан оорукана быйыл пайдаланууга берилет

0
433

Бул тууралуу Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматта, Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу ооруукананын курулушу ушул жылда бүткөрүлөт. Курулуш иштери үчүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун фондунан каражаттар бөлүнгөн.

Азыркы учурда ооруканын жер иштери 100% бүткөрүлүп, 2-кабаттын пол иштери 80% бүткөрүлгөн. Сырткы жасалгалоо иштери 50%, пландоо  40% бүткөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-17-сентябырында Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кандуу кагылышуунун негизинде аталган ооруканын курулушу  жабыркаган объектилердин арасына кирет.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here