Оор жүк ташуучу унааларды текшерилүүдө эки мыйзам бузуу аныкталды

0
627

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 93-чакырымындагы Көк-Талаа, 380-чакырымындагы Айланма транспорт көзөмөлдөө пунктунун тескөөчүлөрү жана аталган жолдун  124-чакырымында иш алып барып жаткан мобилдик топ оор жүк ташуучу унааларды текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 13-май күнү жалпы 27 оор жүк ташуучу жана 5 жүргүнчү ташуучу унаа текшерилип, 2 мыйзам бузуу аныкталды.

Ага түшүндүрүү иштеринен соң протоколдор толтурулду.

Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here