Раззаковдо санитардык талапка жооп бербеген  мектеп, балдар бакчаларга айып пул салынды

0
575

Лейлектин Раззаков шаарындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын санитардык абалы жана ашканалары текшерилди. Мындан сырткары азык-түлүк саткан дүкөндөрдөгү мөөнөтү өтүп кеткен товарларга рейд жүргүзүлдү. Аны менен бирге коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу Салам Медиага Лейлек санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Умарали Раззаков билдирди. 

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында шаардагы эки мектеп жана эки бала бакчанын санитардык абалы талапка жооп бербегендиктен санитардык милдеттенме берилип, айып пул салынды. 

“Раззаков шаарындагы соода-сатык түйүндөрү жана коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, натыйжасында бир дүкөн ээсине 5000сом, бир ашкана ээсине 5000сом айып пул салынды» – дейт Умарали Раззаков.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here