Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат

0
695

Бул тууралуу Салам Медиага “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-майынан тартып Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат.

Эске салсак, «Баткен» аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here