Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсү табылды

0
1562

Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Кечээ, 14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен сейилдеп жүргөн эки бала сууга чөгүп кеткен. Болжол менен 15-20 жашта деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерине саат 20:50дө үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, түнкү саат он экиге чейин издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок чөгүп кеткен балдар табылган эмес.

Бүгүн, 15-майда таң эрте 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-жылы туулган Д. М. аттуу жарандын сөөгү табылды. Издөө иштери уланып жатканын, кошумча маалыматтар дагы берилерин ӨКМден билдиришти.

Автор: Аскар Баймуратов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here