Кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жолугушуу болду

0
1070

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялар нейтралдуу жерде 14-май күнү  жолугуш өткөрүштү.  Бул тууралуу райондук администрациясынынын басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, сугат суу, ичүүчү суу, калыбына келтирүү жумуштарына эки тараптуу тоскоолдуктарды жаратпоо, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Эки тараптуу делегация буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

Андан сырткары, эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлгөдүгү маалымдалган.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here