Кадамжайда эки жеке мединциналык клиникага айып пул салынып, төрт кызматкер жумуштан алынды

0
893

Бул тууралуу Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санэпид көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан эки жеке клиника Саламаттыкты  сактоо министрлигинин буйруктарын одоно бузгандыгына байланыштуу клиниканын экөөнө тең 2 протокол түзүлүп, бирине 6 миң сом, экинчисине 18миң сом айып пул салынып, атайын санитардык милдеттемелер берилди.

Андан тышкары кетирген кемчиликтер жоюлмайынча, төрт кызматкер жумуштан алынды. Лабороториянын жумушун убактылуу токтотуп туруу боюнча сунуш берилди.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here