“Акыркы коңгуроо” салтанаты быйыл кандай өтөт?

0
367

“Акыркы коңгуроо” салтанаты өлкө боюнча 25-майда саат 9.00дө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо боюнча буйругунда жазылат. 

Жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

“Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 2022-2023 окуу жылын 5 миң 555 окуучу бүтүрөт. Анын ичинен 2 миң 481и эркек балдар болсо, 3 миң 074үн  кыздар түзөт.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here