Баткенде жугуштуу эмес оорулар боюнча STEPS изилдөөсү жүрүп жатат

0
231

Бул тууралуу Бактен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул изилдөө жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларынын жана кант диабетинин өөрчүшүнө таасир этүүчү тобокелдик факторлорун иликтөөгө жардам берет. 

Бул изилдөө 1-майдан тарта өлкө боюнча жүргүзүлүүдө. Ага өлкө боюнча жалпы 2800 адам катыша алат. Улуттук STEPS изилдөөсү үч этап менен өтөт. Алгачкы этапта  сурамжылоо жүргүзүлсө, экинчи этапта кишинин кан басымы өлчөнүп, аныкталат. Акырында химиялык анализдер алынып, кант диабетинин көрсөткүчтөрү бар-жогу текшерилет.

Изилдөөгө облус аймагынан 200гө жакын жаран катышты.  

Ошондой эле изилдөөгө жарандар туш келди ыкмада тандалып алынат. Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борбору тургундарга изилдөөнүн катышуучусу болуп талдалса, Кыргызстандын бүткүл калкынын таламаттыгын сактоого салым кошууга чакырат.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here