Кыргызстан менен Орусиянын укук коргоо органдары маалыматтык кызматташууну чыңалтат

0
753

Бул туралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты. 

Маалыматка караганда, кечээ 9-май күнү  ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө кирген маселелер боюнча электрондук түрдө маалыматтык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Орусиялык кесиптеши Колокольцев кол коюшту. 

Аталган макулдашуу ыкчам-кызматтык иштин ар кандай багыттары боюнча эл аралык укуктук базанын алкагында координацияланган иштин заманбап механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Колокольцев, кадрларды даярдоо жаатында, анын ичинде кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мындан аркы көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here