Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат

0
376

Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда.

Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясында экени айтылып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here