Баткенде милиция кызматкерлерин сабаган үч жаран кармалды

0
1302

Кечээ 9-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айылынын үч тургуну, милиция кызматкерин сабоого айыпталып кармалды. Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти. 

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жарандар, Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жана УКМКнын кызматкерлерине УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын тергөө  бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча тинтүү иштерине тоскоолдук көрсөткөн. 

Ошондой эле маалыматта, алар аткезчиликке шектелген жүктөрдү жашыруу максаттарында зордук-зомбулук жасашып, натыйжада милициянын эки кызматкеринин денелерине бир нече жолу кол көтөрүшүп уруп салышканы айтылат.

Жаракат алган милиция кызматкерлери Баткен обустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.  

Аталган факты боюнча кылмыш жаза кодексинин “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук беренеси менен кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here