Арам акчаны адалдоо шеги менен фармкомпаниянын кызматкерлери кармалды

0
215

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери арам акчаны адалдоого шектелген фармацевтикалык компанияны аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалым кылды. 

Тергөөнүн маалыматына караганда, фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү дары-дармектерди сатуудан түшкөн каражатты бухгалтердик отчетто көрсөтүшкөн эмес. Аталган факты боюнча “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси боюнча иш козголду. 

Ички иштер министрлиги билдиргендей, фармацевтикалык компаниянын кызматкерлери айрым дарыгерлер менен сүйлөшүп алып, “бейтаптарды милдеттүү түрдө бул компаниядан дары-дармек сатып алууга көндүрүшкөн” жана сатылган дарылардын пайызын алып турушкан. 

Укук коргоо органдарынын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту фармацевтикалык компаниянын директорун – азербайжан жаранын жана эсепчисин бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Фармацевтикалык компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкан. Филиалдары Кыргызстанда 2018-жылы каттоодон өткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here